Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Орусия менен Украина камактагы жарандарын алмашууну баштады


Олег Сенцов
Олег Сенцов

Украина менен Орусия камакка алынган жана барымтага алынган жарандарын алмашууну 30-августка караган түнү баштады. Анын алкагында Орусияда кармалып турган украиналык моряктар өлкөсүнүн аймагына жеткирилди. Мындан сырткары орус түрмөсүндө камакта отурган украиналык режиссёр Олег Сенцов дагы мекенине учак менен жөнөтүлгөнү кабарланды.

Буга чейин Украинанын жаңыдан баш прокурорлугуна дайындалган Руслан Рябошапка фейсбуктагы баракчасына Жогорку Раданын кызматкери Анна Исламованын “Моряктар, Сенцов, Карпюк, Балух, Гриб үйлөрүнө учуп келе жатат” - деген билдирүүсүн бөлүшкөн.

Ошол эле учурда Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги Украинада кармалып турган орус жарандарынын адвокатына таянып, ал адамдар учурда тергөө абагында кармалып турганын жазган.

Ал эми Украинанын Коопсуздук кызматынын өкүлү “барымтадагыларды алмашуу жараяны башталганын жана туура эмес маалымат таратпай турууну” фейсбукка жазып чыкты.

Акыркы жумаларда Киев менен Москвада туткундарды алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр өткөн. Киев менен Москва ар бири, өз тарабынан 33 туткунду алмаштырууга даярданып жатканы кабарланган.​

Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн жумада “туткундарды алмашуунун биринчи жыйынтыгын жакын арада көрө турганына” ниеттенип турганын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG