Кыргызстандын эгемендик майрамына карата өлкөнүн чек арачылары жана милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштей баштады.
Бул тууралуу аталган органдардын маалымат кызматы кабарлады. Ички иштер министрлиги маалымдагандай, майрам күнү өлкө боюнча 7000ден ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукка көз салат.
Бишкек шаарындагы майрамдык иш-чараларга байланыштуу эртең менен саат 8ден 12ге чейин, кечинде 19дан 23гө чейин Чүй көчөсү Тыныстановдон Тоголок Молдого чейин Киев көчөсү Эркиндик бульварынан Логвиненко көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсү Панфиловдон Раззаков көчөсүнө чейин автоунаалар үчүн жабылат.
Бул күндөрү Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кайтаруу иши да күчөтүлөт.
Кыргызстан 31-августта өлкө эгемендигинин 28 жылдыгын белгилейт.(BkA)