Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Бабанов УКМКга суракка кирди


“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) экинчи жолу сурак берүүгө кирип кетти. Ал сурактын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Бабанов УКМКда төрт кылмыш иши боюнча күбө катары сурак берип жатканын билдирген. Алардын кайсынысы боюнча суракка чакырылганын саясатчы да, УКМКда тактабай жатат.

Өмүрбек Бабанов мындан сырткары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматында төрт иш боюнча көрсөтмө берип жатканы белгилүү болгон. Муну расмий орган “Азаттыкка” ырастаган.

Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында, ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун, Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. 20-августта УКМКга ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылган. Мындан тышкары ага карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен да иш ачылган.

Өмүрбек Бабанов өзүнө тагылган айыпты четке кагып, козголгон кылмыш ишинде негиз жок экенин айтып келет.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Утулуп калгандан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, бир топ убакыт тышта жүрүп, быйыл 9-августта кайтып келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG