Бишкектин түштүк тарабында жаңы ачылган сейил бакка жакында көзү өткөн илимпоз-эколог Эмил Шүкүровдун ысымын ыйгаруу сунушталууда. Мындай сунуш менен бир катар активисттер Интернетте онлайн петицияга кол коюшууда. Алар Шүкүровдун кыргыз илиминин өнүгүшүнө жана экологияны коргоого кошкон салымын эске алуу менен ушундай сунуш киргизип жатышат.
Бүгүн Бишкекте 10 гектар аянтты ээлеген сейил бак ачылды. Анын ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышып, «Ынтымак» сейил багы деп атоо жөнүндө чечим кабыл алынганын билдирген. (BkA)