Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Кумда ойнолуучу футбол: Кыргызстандын кубогун «Жети-Өгүз» жеңди


«Жети-Өгүз» командасынын оюнчулары. 30-август, 2019-жыл.
«Жети-Өгүз» командасынын оюнчулары. 30-август, 2019-жыл.

Кумда ойнолуучу футбол боюнча 2019-жылдагы Кыргызстандын кубогун «Жети-Өгүз» командасы жеңип алды. Футбол федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, мелдеш 27-августтан 30-августка чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында өттү.

Баш байге үчүн Кыргызстандын аймактарынан сегиз команда ат салышты. Финалда «Жети-Өгүздүн» оюнчулары «Ысык-Көл» командасын 5:2 эсебинде жеңип, экинчи жылы катары менен кубоктун ээси болду.

Коло байге үчүн Нарын облусунун «Теңир-Тоо» командасы менен жергиликтүү «Боз-Бешик» командасы беттешип, 6:5 эсебинде «Теңир-Тоонун» оюнчулары жеңишке жетти.

Ошондой эле мелдеште артыкчылык көрсөткөн оюнчуларды уюштуруучулар дипломдор жана белектер менен сыйлады.

Жыйынтыгында «Мыкты дарбазачы» Жыргалбек Урдөөлөтов («Боз-Бешик»), «Мыкты коргоочу» Тилек Коңурбаев («Теңир-Тоо»), «Мыкты чабуулчу» 11 гол эсебине жазылган Эдил Орозалиев («Жети-Өгүз») жана «Мыкты оюнчу» Аскарбек Калык уулу («Ысык-Көл») аталды. (ECh).

XS
SM
MD
LG