Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Казакстанда конституциялык реформаны талап кылган жүрүш өттү


Казакстанда саясий реформаларды жүргүзүүгө чакырып жүргөн жаштардын “Ойгон, Казакстан” жарандык кыймылынын өкүлдөрү. 30-август, 2019-жыл
Казакстанда саясий реформаларды жүргүзүүгө чакырып жүргөн жаштардын “Ойгон, Казакстан” жарандык кыймылынын өкүлдөрү. 30-август, 2019-жыл

30-августта түштөн кийин Алматыда “Ойгон, Казакстан” кыймылынын активисттери жүрүш өткөрүп, конституциялык реформаны талап калды. Конституциянын үзүндүлөрү жазылган плакаттарды кармаган жаштар “Конституциялык реформа үчүн!”, “Ойгон, Казакстан!”, “Менин тандоом бар!” деп кыйкырып, Астана аянтына чейин барды.

“Казакстандын президенттик башкаруу системасынан баш тарта турган убакыт келди. Өлкөбүз парламенттик республика болушу керек. Коом демократияга зар. Өлкө демократияга даяр эмес деген сыяктуу билдирүүлөр туура эмес. Өзгөрүү жасай турган учур келди”, - деди жаштардын бири Димаш Алжанов.

Ушуга окшогон эле акция 30-августта борбор шаар – Нур-Султанда да өттү. Шаардагы Нуржол бульварына кечкурун жыйналган “Ойгон, Казакстан” кыймылынын өкүлдөрү Конституциянын айрым беренелерин окуп, өлкөдөгү адам укугунун абалы, саясий туткундар маселесин сөз кылышты.

Казакстанда саясий реформаларды жүргүзүүгө чакырып жүргөн жаштардын “Ойгон, Казакстан” жарандык кыймылынын үч мүчөсү 28-августта Алматы полициясына чакыртылган. Полиция имаратында аны менен шаардык бийликтин өкүлдөрү “профилактикалык маек” жүргүзүп, мыйзамсыз жүрүш өткөрүү - мыйзамга жат экенин эскерткен.

30-августта Казакстанда Конституция күнү белгиленип жатат. Казакстанда Баш мыйзам биринчи ирет 1995-жылы кабыл алынган. Ал бир канча ирет өзгөртүлүп, президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлүп турган.

XS
SM
MD
LG