Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

ЕБ Иран келишимин сактап калуу аракетин улантат


Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини

Европа Биримдиги 2015-жылы түзүлгөн Иран келишимин сактап калуу боюнча аракеттерин улантат. Уюмдун тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини бул тууралуу 30-августта Финляндиянын борбору - Хельсинкиде Британиянын, Франциянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери менен жолукканда билдирди. Алар Ирандын өзөктүк программасын чектеген келишимди сактап калуу жана Перс булуңунан жүк ташыган кемелердин коопсуз өтүүсүн камсыздоону талкуулоо үчүн чогулду.

Иран менен Кошмо Штаттардын ортосундагы чыңалуу 2015-жылы, Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден Вашингтон былтыр чыккандан баштап курчуп кеткен. Вашингтон Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милденттенмелерин азайта баштаган.

Ирандын өзөктүк программасын чектеген келишимге кол койгон Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия ал документти сактап калууну жактайт.

Перс булуңундагы кырдаал Ирандын Батыш мамлекеттерине таандык кемелерди "мыйзамсыз жүк алып баратат" деп кармап калууга аракет кылгандан кийин чыңалган. Вашингтон «кемелерге кол салууну уюштурууда» деп Иранды айыптап келет.

XS
SM
MD
LG