Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:23

Зеленский: Орусия менен туткундарды алмашуу жараяны бүтө элек


Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен камактагыларды эки тараптуу алмашуу иши уланып жатканын билдирди. «Туткундарды алмашуу бүткөнү тууралуу маалымат чындыкка туура келбейт», - деп жазды ал 30-августта «Фейсбук» баракчасына.

Зеленскийдин айтымында, туткундарды алмашуу бүткөндөн кийин президенттик администрация бул тууралуу расмий маалымат таратат.

Орусия президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков 30-августта Москвадан журналисттерге билдиргенине караганда, сүйлөшүүлөр жабык эшик артында жүрүп жатат. «Мен бул иште кандайдыр бир прогресс бар экенин ырастайм», - деди ал.

Буга чейин Украинанын Коопсуздук кызматынын өкүлү “барымтадагыларды алмашуу жараяны башталганын жана туура эмес маалымат таратпай турууну” эскертти.

Анткени анын алдында "Орусия менен Украина камактагыларды алмашып бүтүптүр" деген маалыматтар чыгып кеткен.

Орусиялык маалымат каражаттары туткундарды алмашуу 3-сентябрда бүтүшү мүмкүн экенин жазып жатат.

Акыркы жумаларда Киев менен Москвада туткундарды алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр өткөн. Украина менен Орусия ар бири, өз тарабынан 33 туткунду алмаштырууга даярданып жатканы кабарланган.​

Киев Орусиянын аймагында украиналык 150 жаран туткунда экенин айтып келет.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG