Шаарындын Жеңиш кичи районунда 50 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бала бакчанын ачылышына калаа мэри Мураталы Тагев жана тургундар катышты.
“Акыркы 28 жылга чукул убакыттан бери бул кичи районго бир да бала бакча салынган эмес. Шаардыктардын суранычы менен кыска мөөнөттө имаратты бүтүрдүк. Спутник кичи районунда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5,6 млн. сомго курулган 200 орундуу кичи стадионду да пайдаланууга бердик. Бюджетке жараша шаарды өнүктүрүүгө аракет кылып жатабыз”, - деди Тагаев.
Былтыр декабрь айында курулуш башталган балдар бакчасына шаар казынасынан 19 млн. сом каралган. Бул шаардагы 23-бала бакча болуп калды.
Учурда Жалал-Абад шаарынын аймагында мектепке жашына чейинки 14300 баланын 37% гана бакчага барат. Калаа бийлиги менчиктештирилген он бала бакчанын имараттарын бошотуунун аракетин көрүүдө. (RsK)