Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 31-август эгемендик күнү менен куттуктап, кийинки урпактарга көз карандысыздыкты, мамлекеттүүлүктү гана эмес өнүккөн өлкөнү жана билимдүү заманбап коомду калтырыш керектигин айтты.
Өлкө башчы борбордук Ала-Тоо аянтында эгемендиктин 28 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада сүйлөп жатып, бийлик саясат менен алектенүүнү азайтып, экономикага көңүл бура турганын билдирди.
"Саясат менен ашкере алектенүүнү азайтып, экономикалык жана социалдык актуалдуу маселелерди чечүү - биздин милдетибиз. Баарыбыз жапа тырмак жаратмандыкка багыт алуубуз зарыл. Буга чейин башталып, саясий себептер менен солгундап калган реформалар кайра жанданат, күчтөнөт. Элдин үнүн угуп, журттун талабын аткаруу үчүн жүрүп жаткан реформаларга жаңы дем беребиз. Сот-укуктук адилеттигин, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, аймактардын өнүгүүсүн, өлкөнү санариптештирүүнү камсыз кылууда конкреттүү жыйынтыктарга жетебиз. Экономикада, билим берүүдө, саламаттык сактоодо, коопсуздукту камсыз кылууда, демократияны бекемдөөдө жаңы демилгелер ишке ашырылат", - деди Жээнбеков.
Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. Өлкөнүн бардык аймагында салтанат уюштурулду.
Башкы майрам Бишкектеги Ала-Тоо аянтында саат 10до башталган. 1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган. (BTo)