Бул тууралуу президент Режеп Тайип Эрдоган "Малазгирт жеңишинин 948 жылдыгы" аттуу иш-чарада айтты.
- Ата-бабалардан калган улуттук оюндарды өткөрүп алдык. Эмдиги жылы 4-дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркияда өтөт. Бул жерде түрк тилдүү бир туугандарыбыз менен биргеликте баарлашып, чогуу болобуз деген ойдомун, - деген Эрдоган.
Түрк президенти Түркиядагы Көчмөндөр оюнун уюштуруу иштери өлкөдөгү "Жаа атуу фонду" жана Этноспорт конфедерациясы тарабынан жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Конфедерация 2015-жылы Кыргызстанда түптөлгөн. Сегиз өлкөдө салттуу спорттук оюндарды уюштурган федерацияларды камтыйт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. (ElB)