Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Көкбөрү: Биринчи лигада «Бакубат» жеңишке жетти (видео)


«Бакубат» жана «Ак-Суу» командаларынын беттеши. 31-август, 2019-ж. Чолпон-Ата шаары.
«Бакубат» жана «Ак-Суу» командаларынын беттеши. 31-август, 2019-ж. Чолпон-Ата шаары.

Эгемендик күнүнө арналган көкбөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогунун биринчи лигасында Талас облусунун «Бакубат» командасы жеңүүчү болду.

Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда болуп өткөн финалдык таймашта «Бакубат» Чүйдүн «Ак-Суу» командасын 9:0 эсебинде жеңип алды.

«Бакубат» командасы быйыл Жеңиш күнүнө арналган республикалык мелдеште жогорку лигада 6-орунду алып, биринчи лигага которулган. Бул жеңишинен кийин кайрадан жогорку лигага жолдомо алды.

Бул күнү жогорку лигада Оштун «Достук» командасы менен Таластын «Ынтымак» командасы беттешет. Оюнду саат 15:00дө «Азаттыктын» «Youtube» каналынан түз эфирде көрсөңүз болот.

Бүгүн көкбөрү оюнунан сырткары улуттук ат оюндары: салбуурун, эр эңиш жана ат чабыш боюнча мелдештер каралган.

Көкбөрү боюнча республикалык мелдеш 26-августта башталган. Байге үчүн жогорку лигада алты, биринчи лигада 15 команда ат салышты. (SDz/ECh).

XS
SM
MD
LG