Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Өлкөдө «Ынтымак кербени» аттуу иш-чара жүрүп жатат


Иш-чаранын катышуучулары.
Иш-чаранын катышуучулары.

Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында өткөн эгемендик майрамына Чүй облусунан келген кырк аксакал катышууда.

Аймактар арасындагы ажырымды токтотуу жана ынтымакты бекемдөө максатын көздөгөн «Ынтымак кербени» аттуу иш-чаранын алкагында коомдук жана мамлекеттик ишмерлерден куралган аксакалдар Жалал-Абадда үч күндөн бери жүрөт. Ал эми Жалал-Абаддын аксакалдары ушул тапта Чүй облусуна барышкан.

Жалал-Абадда өткөн салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышууда. Майрамга утурлай мекеме-ишканалардын жана өнөр жай тармагынын жармаңкеси уюштурулган.

Ал эми ушу тапта Нарын облусунда Баткен аймагынан келген делагация жүрөт. Алар Ат-Башы районундагы Кошой-Коргон жана Таш-Рабат тарыхый комплекстери менен таанышты.

Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. Ала-Тоо аянтында өткөн аземде президент Сооронбай Жээнбеков элди түндүк-түштүк болуп бөлүнбөөгө чакырды.

1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган. (RsK/TSh)

XS
SM
MD
LG