АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Орусиянын жарандарын Гуам жана Түндүк Мариан аралдарына визасыз киргизген режимди токтотот.
Бул тууралуу "The Guam Daily Post" басылмасы Мариан аралынын Конгресстеги өкүлү Григори Сабланага таянып кабарлады.
Гуам жана Түндүк Мариан АКШга караштуу аралдар. Анын аймактарында Жапония, Түштүк Корея сыяктуу Батыш Азиянын элдерине белгилүү курорттор жайгашкан. Орусиянын жарандарына аралга визасыз кирүүгө уруксат 2012-жылы берилген.
"The Guam Daily Post" басылмасынын маалыматында, акыркы мезгилде бул аралдарга айына бир нече миң орус жарандары келген.
Гуам аралында АКШнын аймактагы эң ири аскер базасы жайгашкан. (TSh)