Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Аскар Акаев: Кыргызстанга ынтымак суудай керек


Кыргызстандын биринчи президенти, 2005-жылы 24-мартта элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кеткен Аскар Акаев эгемендик күнүнө карата кайрылуу таратты. Анда Акаев бул күндү өлкөнүн алгачкы президенти катары сыймыктануу менен белгилерин билдирген.

“Бүгүн элибизге тынчтык, ынтымак, биримдик аба менен суудай зарыл. Карт тарыхка ээ Кыргызстан эгемендикке чейин, көз карандысыздыкты алгандан кийин да катаал сыноо, ийгилик, катачылыктарды башынан кечирди”, - деп жазган кайрылууда.

Жакында эле Башкы прокуратура мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө козголгон кылмыш иштери боюнча маалымат тараткан. Анда буга чейин Акаевдин жубайы Майрам Акаева жетектеген “Мээрим” фонду, уулу Айдар жана күйөө баласы Адил Тойгонбаевге карата мамлекетке миллиондогон зыян келтирүү фактылары боюнча бир нече кылмыш иши козголгону айтылат. Аталган орган мурдагы президент Аскар Акаев өлкөгө келсе, үй-бүлө мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иштери жана башка жагдайлар боюнча суракка алынарын эскерткен.

Ага чейин президенттин кызы Бермет Акаеванын Кыргызстанга кайтканы боюнча маалымат тараган. Аскар Акаев кызы туулган жерине туугандары менен учурашуу үчүн келгенин түшүндүргөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG