Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиевдин дайыны чыкпай жатат. Ал бүгүн Ысык-Көлдүн бир башынан экинчи жагына сүзүп өтмөкчү болгон.
Азырынча окуя болгон жерге куткаруучулар жете элек. Учурда Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев Тору-Айгыр айылына чыгып баратканын кабарлады.
Журналист Тынчтык Алтымышов "Фейсбуктагы" баракчасына Асрандиев сүзүп баратканда катуу толкун болуп, жанындагы жандоочтору таппай калышканын жазды.
Ал арада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ӨКМге Эркин Асрандиевди издөө иштерин активдүү жүргүзүүгө буйрук бергени маалым болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов кабарлады. (KS)