1-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;
Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Баткенде түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13 градуска чейин жылыйт.
Бишкекте 1-сентябрда абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 23…25 градус жылуу болот.