Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Эркин Асрандиев аман-эсен табылды (видео)


Эркин Асрандиевди суудан кайыкка алып чыгып жаткан учур.
Эркин Асрандиевди суудан кайыкка алып чыгып жаткан учур.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев Тоң районунун Бар-Булак айылындагы жээктен 1-сентябрга караган түнү саат экилерге жакын аман-эсен табылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди.

- Биз азыр аны Ысык-Көл районуна алып келебиз. Медициналык кызматкерлерди чакырдык, - деди Иманалиев.

Асрандиев 31-августта Ысык-Көлдүн күңгөй тарабынан тескейине сүзүп баратканда катуу толкунга кабылып, сегиз сааттан ашуун дайынсыз болду.

Буга чейин Асрандиевди Ысык-Көлдө сүзүп баратканда коштоп жүргөн Нарынбек Кемелов «Азаттыктын» кабарчысы Кундуз Сырдыбаевага окуянын чоо-жайын кыскача баяндап берген. Кемеловду куткаруучулар түнкү саат 12ге чукул көлдүн ортосунан табышкан.

Кемелов: «Мен Эркин Асрандиевдин келинчегинин бөлөсү болом, буга чейин да көлдү сүзүп өтүп жүргөндө дайыма жанында жүрчүмүн. Бул жолкусун да мени «коштоп жүр» дегенинен дароо макул болуп, атайын даярдык көргөнбүз. Бул жолу Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынан Тоң районунун Кара-Талаа айылына чейин баратканбыз. Бул аралык 25 чакырымдан ашык, бул ультра сүзүү болуп саналат. Ал үчүн Эркин байке жакшы даярдык көрдү, ал тургай шамалдын согушун да эске алган. Анын божомолунда, кечки саат төрт-бештерде шамал Тору-Айгыр айылы тарабынан согуп, тескей жээкке батыраак сүзүп жетүүгө жардам бермек.

Биз Чырпыкты айылынан бүгүн [31-августта] таңкы саат 7:20 чыкканбыз. Жакшы эле келе жатканбыз, ортодо Эркин байке тамак жеди (паста түрүндө атайын даярдалган тамак, аны жегенде адам ажатканага баргысы келбейт, өзүн да ток сезет). Бизди моторлуу кайык коштоп бараткан, бирок Эркин байкенин тамагы түгөнүп калгандыктан кайыкты кайра жээкке жиберген элек. Ал учурда Эркин байкенин сүзгөнүнө 10-11 саат болуп калган.

Өзүнүн эсебине ылайык ал жээкке 16 саатта жетмек. Бирок биз божомолдогондой шамал Тору-Айгыр тараптан эмес Балыкчы тараптан болуп, анын бийиктиги 3-4 метрге жетти. Толкундан улам мен Эркин байкеге кыйкырып, кол булгаласам да укпай сүзүп кете берди, суудан уккан жок окшойт.

Толкун кайыгымды оодарып салып, калагым сууга кирип кетти. Анан эптеп кайра кайыкты түздөп, ичине отурдум, куткаруучу чыптаманы (спасательный жилет) кийип алгам. Анан калактын ордуна шлепка менен эптеп 1-1,5 чакырымды сүзүп өттүм. Толкун башталып, Эркин байке менден 100 метрдей алыстап кеткенде эле жээктегилерге, жубайына да чалдым. «Келгиле, бизде катуу толкун болуп атат» десем, тамакка кеткен моторлуу кайык толкун алардын да кайыгын оодарып атканын айтып, «чыга албайбыз» дешти. Толкун менин да кайыгымды оодарып салгандыктан, чөнтөк телефонум иштебей, кайра байланыша албай калдым. Мени түнкү саат 12лерде табышты, ойлогон деле эмесмин. Таң атса, эптеп жээкке жетээрмин дедим. Эң башкысы Эркин байкенин аман-эсен табылышын тилейм. Анын белинде байланган буёк бар, аны кучактаса чөкпөйт. Менин оюмда Эркин байке сүзүп чыгып кетти».

Асрандиевди жана аны коштоп кайыкта бараткан Кемеловду издөө иштерине тез жүрүүчү бир кеме, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) «Мөлтүр» жана Чолпон-Атадагы №2 мамлекеттик резиденциянын «Москва» кемеси тартылды. Каракол шаарынан да ӨКМдин суучулдары катышты. Ошондой эле Тору-Айгыр, Чоң-Сары-Ой жана Тамчы айыл аймактарынан алтымыштай киши издөөгө кол кабыш кылышты.

XS
SM
MD
LG