Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Кой-Таштагы окуя боюнча Акыйкатчы аппараты баа берет


Акыйкатчынын аппараты быйыл 7-8 августта Кой-Ташта болгон окуяга байланыштуу жети кишиден турган атайын комиссия түзгөн. Ал бул окуяларды бир айдын ичинде изилдеп чыгып, өз жыйынтыгын чыгарат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, 7-8 август күндөрү Акыйкатчы институтунун кызматкерлери окуя болгон Кой-Таш айылына барып, абалга мониторинг кылышкан.

Буга чейин Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 7-8 августта Кой-Ташта болгон окуяларга байланыштуу камалгандардын шарты менен таанышуу үчүн тергөө абактарына барарын билдиришкен. Анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да бар. Ошондой эле акыйкатчы Токон Мамытов Кой-Таштагы окуялар боюнча бир арыз расмий келип түшкөнүн айткан.

7-8 августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анын жүрүшүндөгү кагылышта УКМКнын бир кызматкери курман болуп, 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Бул окуялар боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган.​

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 8-октябрга чейин үй камагына чыгарылды.

Мындан сырткары Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө. (ТSh)

XS
SM
MD
LG