Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Ала-Арча паркындагы өрттүн себептерин милиция иликтеп жатат


Ала-Арчадагы өрт.
Ала-Арчадагы өрт.

Аламүдүн районундагы ички иштер бөлүмүнө 31-август саат 15:32лер чамасында Ала-Арча эс алуу жайындагы өрт боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барган. Ал эми коомдук тартипке көз салыш үчүн кошумча күч катары ички иштер бөлүмүнүн, Улуттук гвардиянын аскерлери тартылган. Милициянын маалыматына караганда, өрт өчүрүүгө 750 киши тартылган.

Учурда кырсыктын себептери аныкталып жатат. Ал жерде өрткө каршы кызматтын өкүлдөрү жана милиция иштеп жатат. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 287-берене («Токойго зыян келтирүү») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, 31-август күнү Ала-Арча улуттук паркында тоонун боорундагы жана чокусундагы бадалдар жана куураган чөп күйүп кеткен. Ишемби күнү саат 20:15те өрткө бөгөт коюлду.

Бүгүн, 1-сентябрь таң эрте жалпысынан 199 куткаруучу өрттү толук өчүрүүнү улантып жатат. Өрт боюнча кошумча маалымат берилет. (TSh)

XS
SM
MD
LG