Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:16

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанды эгемендик күнү менен куттуктады


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевди жана өзбекстандыктарды бул өлкөнүн эгемендик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Жээнбековдун куттуктоосунда «Өзбекстан аймакта жана эл аралык маселелерде таштаган чечкиндүү кадамдарынын натыйжасында дүйнөлүк аренада татыктуу орунду ээледи» деп жазылган.

Шавкат Мирзиёев - эгемен Өзбекстандын экинчи президенти. Ислам Каримов 1989-жылы СССР мезгилинде Өзбекстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчылыгына дайындалган. 1991-жылы эгемендик жарыялангандан кийин бул өлкөнүн биринчи президенти болуп калган. Ислам Каримов 2016-жылы каза болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG