1-сентябрда Ысык-Көл облусунун бийлик өкүлдөрү «Ынтымак кербени» аттуу иш-чаранын алкагында келген Оштун делегациясы менен жыйын курушту. Анда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов мындай жолугушуулар элдин биримдигин бекемдей турганын белгиледи.
Оштун делагациясы Ысык-Көлгө 30-августта келген. Анын мүчөлөрү маданий комплекстерге барып, көлдүн жээгинде эс алышты.
Аймактар арасындагы ажырымды токтотуу жана ынтымакты бекемдөө максатын көздөгөн «Ынтымак кербени» аттуу иш-чаранын алкагында Чүйдүн мурдагы коомдук жана мамлекеттик ишмерлерден куралган аксакалдар делегациясы Жалал-Абадда үч күндөн бери жүрөт. Ал эми Жалал-Абаддын аксакалдары Чүй облусуна барышкан. Ал эми Нарын облусунда Баткен аймагынан келген делагация жүрөт. Алар Ат-Башы районундагы Кошой-Коргон жана Таш-Рабат тарыхый комплекстери менен таанышты. (KS/TSh)