Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

2-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Баткенде түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23 градуска чейин ысыйт.

Бишкекте 2-сентябрда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 24…26 градус болот.

XS
SM
MD
LG