31-августтагы эгемендик майрамынан кийин Бишкекте 16 тонна таштанды тазаланды. «Тазалык» ишканасы анын 10 тоннасын Ала-Тоо аянтынан чыгарды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы кабарлады.
Ала-Тоо аянтында майрамдоо учурунда 60тай бала жоголуп, аларды милиция кызматкерлери таап беришкен. Мыйзам бузуу катталган жок. Шаардын муниципалдык кызматтары түн ортосуна чейин иштешти.
31-августта Кыргызстан эгемендик алганынын 28 жылдыгын белгиледи. Ага байланыштуу Ала-Тоо аянтында шаардыктар үчүн майрам уюштурулган. (TSh)