Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

АКШ Сирияда «Аль-Каидага» сокку урду


Сириядагы АКШ аскерлери.
Сириядагы АКШ аскерлери.

Ишемби күнү АКШ Сириянын түндүгүндөгү «Аль-Каида» террористтик тобу турган аймакка сокку урду. АКШнын Куралдуу күчтөрү сокку «америкалык жарандарга, биздин өнөктөштөргө жана тынч элге чабуул коюп, коркунуч туудурган «Аль-Каиданын» жетекчилигине каршы багытталган» деп билдирди. Маалыматта кандай куралдан сокку урулганы айтылган жок.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан, адам укуктарына мониторинг кылган Сириядагы борбор бул чабуулдан кыркка жакын адам өлгөнүн, анын ичинде «Аль-Каида» тобунун лидерлери бар экенин ырастады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Идлибдеги соккуну айыптап чыкты. Министрликтин билдирүүсүнө караганда америкалыктардын соккусуна кабылган калктуу аймакта көп киши өлүп, көп имараттар талкаланганы айтылат. Ошондой эле чабуул «Орусияга жана Түркияга алдын-ала айтылган эмес» деп жазылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG