Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Казакстан: Темир-Тоодогу өрттө 700дөн ашык дача өрттөндү


Темир-Тоодогу өрт.
Темир-Тоодогу өрт.

Караганда облусундагы Темир-Тоо шаарына жакын жердеги дача аймагында 29-августта чоң өрт чыккан. Баштапкы маалымат боюнча тилсиз жоодон 700дөн ашык ээсиз дача өрттөнүп кеткен. Андан сырткары өрт 20дай киши жашап жаткан үйлөрдү каптаган. Кырсыктан улгайып калган эки аял жабыркаган.

Өрттүн себептери, анын жалпы чыгымы азырынча аныктала элек. Бирок бул дача аймагында ширетүү иштери жүрүп жатканы кабарланды. Ошондой эле өрттөнүп кеткен мүлк үчүн кенемте төлөнүп берилери белгисиз. (TSh)

XS
SM
MD
LG