Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:25

Йемендеги козголоңчулар 60 киши өлгөнүн билдиришти


Сана шаары. 16-май, 2019-жыл.
Сана шаары. 16-май, 2019-жыл.

Сауд Арабиясы баштаган аскердик коалиция Йемендин баш калаасы Сананын түштүк ыптасында хусит согушкерлерине каршы абадан сокку урганын 1-сентябрда билдирди. Козголоңчулар Дхамар шаарындагы түрмөгө урулган соккудан кеминде 60 киши набыт болгонун билдиришти.

Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин Йемендеги делегация башчысы Франц Раухенштайн «мындай кабарларды олуттуу кабыл алышарын» айтып, кырдаал менен таанышуу үчүн Дхамарга аттанды.

Саудия баштаган коалиция хуситтердин дрондору менен ракеталары сакталган жайларга сокку урушканын, карапайым адамдарды коргоого чара көрүлгөнүн билдирүүдө.

2015-жылдын март айында Сауд Арабиясы жана башка суннит араб мамлекеттери аскердик өнөктүк баштагандан бери Йемендеги уруш 10 миңге жакын адамдын өмүрүн кыйды. Алардын жарымынан көбү тынч элдин өкүлдөрү болгон. Көпчүлүгү аба соккуларынан каза тапкан.

Бириккен Улуттар Уюму Йемендеги гуманитардык кырдаалды «эң олуттуу кризис» деп баалайт. Согуштан улам 22 миллиондой киши гуманитардык жардамга муктаж экени белгилүү.

XS
SM
MD
LG