Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Кызыл Чырым: Йемендеги соккудан 100дөн көп киши өлдү


Саудия баштаган аба соккусунан кийинки Сана шаары. 16-май, 2019-жыл.
Саудия баштаган аба соккусунан кийинки Сана шаары. 16-май, 2019-жыл.

Йемендеги козголоңчуларга каршы күрөшкөн Сауд Арабиясы баштаган коалиция Дхамар шаарына урган соккулар түрмөгө тийип, 100дөн көп киши өлдү. Бул тууралуу Эл аралык Кызыл Чырым комитети билдирди.

Комитеттин маалыматы боюнча бери дегенде 40 киши аман калды, алар ооруканаларга жеткирилди.

Кызыл Чырым комитетинин Йемендеги делегация башчысы Франц Раухенштайн 1-сентябрда окуя болгон жерге барып кетти. Анын айтымында, уранды алдында калган өлүктөр толугу менен алынып чыга элек.

Иранга ыктаган хусит козголоңчулары Йемен өкмөтүнө жана Сауд Арабиясы баштаган коалицияга каршы согушуп келатат. Алардын өкүлдөрү буга чейин соккудан 60 киши каза болушканын билдиришкен.

Расмий маалыматка ылайык сокку урулган маалда түрмөдө 170 киши бар болчу.

Саудия баштаган коалиция хуситтердин дрондору менен ракеталары сакталган жайларга сокку урушканын, карапайым адамдарды коргоо аракети болгонун кабарлоодо.

2015-жылдын март айында Сауд Арабиясы жана башка суннит араб мамлекеттери аскердик өнөктүк баштагандан бери Йемендеги уруш 10 миңге жакын адамдын өмүрүн кыйды. Алардын жарымынан көбү тынч элдин өкүлдөрү. Көпчүлүк аба соккуларынан каза табышкан.

Бириккен Улуттар Уюму Йемендеги гуманитардык кырдаалды эң олуттуу кризис деп эсептейт. Жаңжалдан улам 22 миллиондой киши гуманитардык жардамга муктаж.

XS
SM
MD
LG