Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

Жогорку Кеңеш VII сессиясын баштайт

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Бүгүн, 2-сентябрда парламенттин кезектеги VII сессиясы ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Алтынчы чакырылыштагы азыркы парламент 27-июнда VI сессиясын аяктап, жайкы эс алууга тараган. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышмак. Ал эми август айында эмгек өргүүсүнө чыгышкан.

Азыркы парламент 2015-жылы күзүндө шайланган. Анда алты фракция бар. Бул чакырылыштары парламенттин мөөнөтү 2020-жылы аяктайт. (TSh)

​
XS
SM
MD
LG