Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:26

Чүйдө окуу жылына карата 700 милиционер коомдук тартипти карайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 2-сентябрь күнү Чүй облусунун аймагында 700дөн ашык милиция кызматкери коомдук тартипти сактайт. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

Чүй облусу боюнча жалпысынан 350 окуу жайында Билим майрамына карата ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Бул билим берүү мекемелеринде милиция коомдук тартипке көз салат. Мындан сырткары Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын инспекторлору жолдордо көзөмөлдү күчөтөт.

1-сентябрь дем алыш күнүнө туура келгендиктен быйыл жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталды. 2019 2020-окуу жылында Кыргызстан боюнча 156 миңден ашык бала 1-класска кирет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлаган.

2-сентябрда өлкөдөгү бардык мектептерде Билим күнүнүн башталашына байланыштуу салтанаттуу чогулуштар уюштурулуп, 3-сентябрдан тартып сабактар өтүлө баштайт.

XS
SM
MD
LG