Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:22

Текебаев: Чотонов бир сөздү айтпай койгону үчүн камалды


Өмүрбек Текебаев (ортодо).
Өмүрбек Текебаев (ортодо).

Жакында эле үй камагына чыккан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кичи мекени болгон Базар-Коргон районунун Акман айылында жүрөт. Аны менен кошо саясатчы Дүйшөнкул Чотонов да жүрөт.

Ал Акман айылында тарапташтары менен жолугуп жатып мурунку бийликти кескин сындап, кыйынчылыкта бирге болгон тарапташтарына ыраазычылык айтты. Текебаев элдин алдында аны менен чогуу камалган партиялашы Чотоновду «накта атамекенчи» деп атады.

- Дүйшөндү «сен жөн эле «Маевскийди Текебаевдин бөлмөсүнөн көргөм» деп эле койсоң сени чыгарып жиберебиз» дешти. Бир эле сөз - «көргөм» дегенди айтпай койгону үчүн эки жыл, жети ай отурду. Дүйшөн - партиянын накта жүзү», - деди Текебаев.

Чотонов «акыйкат үчүн түрмөдө отурдум» деп, колдоочуларына рахмат айтты. Саясатчы туугандарын, айыл аксакалдарын, тарапташтарын чогултуп түлөө өткөрөрү айтылды.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон. Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн. Кийинки соттук жараян 12-сентябрга белгиленди.

XS
SM
MD
LG