Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Жогорку Кеңеш жайкы эс алуудан кийин ишин баштады (видео)


Президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имараты.
Президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имараты.

Бүгүн, 2-сентябрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин VII сессиясы ачылып, парламент жайкы эс алуудан кийин ишин баштады.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн-эртеӊ парламенттин тармактык комитеттеринин жыйындары башталат.

VI чакырылыштагы азыркы парламент 27-июнда VI сессиясын аяктап, жайкы эс алууга тараган. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышмак. Ал эми август айында эмгек өргүүсүнө чыгышкан.

Учурдагы чакырылыштын депутаттары 2015-жылы күзүндө шайланган. Анда алты фракция бар. Бул чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү 2020-жылы аяктайт. (BTo)

 

XS
SM
MD
LG