Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Текебаев Жээнбековдун жоопкерчилигин эске салды


Өмүрбек Текебаевди, Дүйшөнкул Чотоновду жана Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митинг. 23-апрель, 2019-жыл.
Өмүрбек Текебаевди, Дүйшөнкул Чотоновду жана Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митинг. 23-апрель, 2019-жыл.

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдөн чыккан лидери Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусунун Акман айылында тарапкерлери менен жолугушту. Ал өз сөзүндө өлкөдөгү акыркы окуялар «Кыргызстанда мыйзам бузгандар жооп берет» деген салтты бекемдегенин айтты:

- Акыркы окуялардан соң «Бул эмнеси менен жакшы?» деген суроону жаратууда. Бул «Кыргызстанда түшпөс хан болбойт» деген салтты бекемдеди. Ошондой салтты Сооронбай Жээнбеков улап жатат. Эгерде ал өзү жаман иштесе, төрт жылдан соң мыйзам алдында жооп берет. Бүгүнкү эле көзү тирүү адамдар сурап алабыз. Ал Атамбаевди ушундай тагдырга кириптер кылуу менен чоң жоопкерчилик алып, тобокелчиликке барды.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Атамбаевдин иши боюнча маселеге токтолуп, ага козголгон кылмыш иштери ачык жана калыс иликтениши керек экенин кошумчалады.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон. Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн. Кийинки соттук жараян 12-сентябрга белгиленди.

Ал 1-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Акман айылына жакындарына жолугушуу үчүн барган. Текебаевдин адвокаттары үй камагындагы саясатчы туулган жерине барыш үчүн соттон уруксат алганын түшүндүрүшкөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG