Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Ирандын тышкы иштер министри Москвага келди


Мухаммад Жавад Зариф.
Мухаммад Жавад Зариф.

Орусия менен Ирандын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Мухаммад Жавад Зариф бүгүн, 2-сентябрда Москвада жолугушат. Расмий маалыматка ылайык, анда министрлер эки тараптуу кызматташтыкка байланыштуу актуалдуу жагдайларды талкуулашат. Ошондой эле өзөктүк эл аралык келишим, Перс булуңундагы соңку окуялар өңдүү бир топ аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашат.

Зариф Москвага келгенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «орус өкмөтү Иран Ислам Республикасын кыйын учурда колдоду» деди.

Иран менен Кошмо Штаттардын ортосундагы чыңалуу 2015-жылы, Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден Вашингтон чыккандан кийин курчуп кеткен. Вашингтон Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милденттенмелерин азайта баштаган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу.

XS
SM
MD
LG