Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:23

Майк Пенс: орус-украин чатагында АКШ Киевди колдойт


Майк Пенс менен Владимир Зеленский.
Майк Пенс менен Владимир Зеленский.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс 1-сентябрда Польшанын Варшава шаарында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолукту. Анда Киев менен Москванын чатагында АКШ Украинанын тарабында экенин, анын аймактык бүтүндүгүн сактоо аракеттерин колдой тургандыгын айтты. Ошондой эле Пенс Вашингтон Крымга байланыштуу Киевдин Москвага койгон «мыйзамдуу талабын» тең бөлүшөрүн белгиледи.

АКШнын вице-президенти Варшавага Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышынын 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышуу үчүн келген.

Вашингтон Крымды аннексиялаганы жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп жатканы үчүн Орусияга карата санция салган.

Буга чейин АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Дональд Трамп менен Владимир Зеленский Польшада 1-сентябрда жолугарын кабарлаган. Бирок Трамп «Дориан» шамалына байланыштуу бул сапарынан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG