Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:19

Дарига Назарбаева Сенаттын төрайымдыгына кайра шайланды


Нурсултан Назарбаев кызы Дарига Назарбаева менен.
Нурсултан Назарбаев кызы Дарига Назарбаева менен.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева казак парламентинин жогорку палатасы - Сенаттын төрайымы болуп кайра шайланды. Анын талапкерлигин өлкөнүн азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган.

Дарига Назарбаева спикер болуп 2016-жылы, атасы президент болуп турганда шайланган. Касым-Жомарт Токаев 12-августта Назарбаеваны Сенаттын депутаты кылып дайындаган. Ошондон улам анын депутаттык мөөнөтү жаңырып, жаңы мөөнөттөн башталды.

Өлкөнүн Конституциясына ылайык, Сенат депутаттарынын кызматтык мөөнөтү алты жылды түзөт. Ага ылайык Назарбаеванын кызматтык мөөнөтү эми үч жылдан кийин эмес, алты жылдан кийин аяктайт.

56 жаштагы Дарига Назарбаева буга чейин Мажилистин төрагасынын орун басары жана вице-премьер болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG