Бишкектин мэриясына таандык сегиз батирди алдамчылык жолу менен сатып жиберди деп шек саналган мэрия кызматкерине издөө жарыяланды.
Бул тууралуу маалымат мэриядан алынды. Ага ылайык, мэрияга караштуу муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын кызматкери Эрик Ашыралиев документтерди жасалма түрдө оңдоп Москва көчөсүндө жайгашкан сегиз батирди сатып жиберген деп шек саналууда. Ал бул башкармалыкта болгону 1,5 ай эмгектенген. Учурда анын кайда экени белгисиз. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, мэрияда Ашыралиевге издөө жарыяланды.
«Мэрия мунипиалдык батирлерди сатпайт, алар муктаж болгондорго же ижарага берилет», деп айтылат таратылган билдирүүдө.
Сөз болуп жаткан батирлер Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге таандык болгон. Ал «шаарды башкарып турган кезде Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген» деп соттолгон. 11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн.
Кийин бул батирлер Бишкек мэриясына берилген эле. (BkA)