Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Бишкек ЖЭБи боюнча сот уланды


ЖЭБ боюнча сот отурумдарынын бири. 18-июль, 2019-жыл.
ЖЭБ боюнча сот отурумдарынын бири. 18-июль, 2019-жыл.

Баш калаанын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча сот процесси уланды. Анын жүрүшүндө күбө катары Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы төрагасы Турдубек Мамбетов суроолорго жооп берди. Анын жүрүшүндө Мамбетов ЖЭБди жаңылоо учурунда сметалык долбоорду сураганда ал жок болуп чыкканын билдирди.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүлөрдөн кийин оңдоп-түзөөдө коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон.

Эксперттердин тыянагы боюнча ЖЭБди модернизациялоо долбоорун даярдоодогу, кол коюудагы жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекет 5 млрд. 439 млн. сом өлчөмүндө зыян тарткан. Иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Буга чейин 90го жакын күбөнүн ичинен тогуз күбө калганы айтылган. Алардын ичинен беш күбөнүн учурда кайда экени белгисиз экенин адвокаттар айтып чыгышкан.

Кармалгандардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов бар. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган.(BkA)

XS
SM
MD
LG