Орусиянын Москва шаарындагы Никулин райондук соту 2-сентябрда жубайлар Петр менен Елена Хомскийлерди ата-энелик укуктан ажыратуу тууралуу прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган жок. Сот аларга эскертүү берүү менен гана чектелди.
Жубайлар 3-августта балдарын алып Москва шаардык кеңешине шайлоого катталбай калган оппозициячыл жана өз алдынча талапкерлерди колдоп нааразылык акциясына чыгышкан. Прокуратура аларды «кармап кетүүдөн өздөрүн сактоо максатында балдарын колдонду» деп айыптаган жана «жашы жете элек баланы тарбиялоодо милдетин аткарган жок, балдарды кооптуу абалга кептеди» деп иш козгогон. Ошондой эле аларды ата-энелик укуктан ажыратуу тууралууу сотко кайрылган.
Куду ушундай эле жагдайга жубайлар Проказовдор да кабылган. Алардын соту да 2-сентябрда жабык өтүп жатат.
Москвада шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициячыл жана өз алдынча талапкерлерди колдоп өткөн айларда ири нааразылык акциялары өткөн. Анда жүздөгөн адам камалып, полиция көчөгө чыккандарды кууп тараткан.