Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Кара-Кулжада айыл өкмөт башчысы менен депутат мушташты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Уларбий Байгожоев айыл өкмөт башчысын «ур-токмокко алды» деп айыптап чыкты. Анын айтымында, айыл өкмөт башчысы Айбек Ормокеев мылтык кезеп, сабап салган.

- Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы мени жайлоодон келаткан жолдо кармап, мылтык менен коркутканга аракет кылды. Бир аз кызуу экен. Мылтыгын тартып алып, айылга түшүп келген элем. Кеч киргенде артымдан өзүнүн эки уулун жана дагы 10 чакты жигиттерди ээрчитип келип, мени көптөп токмоктошту. Бизди ажыратууга чыккан апамды да сабап салышыптыр. Азыр апам экөөбүз тең ооруканада жатабыз, - деп билдирди ал.

Депутат мушташтын себебин айыл өкмөттүн ишин такай сындаганы менен түшүндүрдү. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы менен айылдык кеңештин депутатынын мушташын Ош облустук милициясы да ырастады.

Милициянын расмий маалыматына караганда айыл өкмөт башчысынын эки баласы кармалып, үй камагына чыгарылган. Айыл өкмөт башчысы өзү азырынча ооруканада жатат. Мушташка катышкан башка балдар суралып жатат. Сөз болуп жаткан Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы Айбек Ормокеев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок милиция Ормокеев да депутатка каршы арыз жазып, ооруканага жатып алганын билдирди. (YI)

XS
SM
MD
LG