«Дориан» шамалынан улам АКШнын Жоржия менен Түштүк Каролина штаттарында, жээкке жакын аймакта жашагандарды милдеттүү түрдө коопсуз жайга убактылуу көчүрүү иштери башталды. Жоржия штатынын губернатору Брайан Кэмп «Твиттердеги» баракчасына: «Куюндун кесепети катуу болушу мүмкүн. Мындан улам жээкке жакын жашагандар там-ташын таштап, коопсуз жайда баш калкалап тура турушу зарыл» деп билдирди.
Түштүк Каролинанын губернатору Генри Максмастер жашоочуларга кайрылып жатып:
- Биз баарын бактылуу кыла албайбыз. Бирок биз ар бир адамдын өмүрүн сактап кала аларыбызга ишенебиз, - деди.
Куюнга байланыштуу Флорида менен Түндүк Каролина штаттарында өзгөчө абал жарыяланды.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон тургундарды түштүк-чыгыш аймактардагы жээктен оолак болууга чакырды.
Катуу шамалдан Багам аралдары жабыркады.