Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Ала-Арча суу сактагычындагы окуя боюнча комиссия түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ала-Арча суу сактагычындагы балыктардын зыянга учураганын териштириш үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Экологиялык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Максат Өмүров билдирди:

- Алдын-ала маалыматтар боюнча Ала-Арча суу сактагычында калдык сууну коё берген учурда балыктар өлгөн. Суу сактагыч Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин көзөмөлүндө. Ал эми суудагы балыктар боюнча «балык өстүрүү максатында пайдаланса болот» деп өкмөттүн токтомунда бекитилген. Ошонун баарын кылдат иликтеп, тыянак чыгарыш үчүн комиссия иш алып барат.

Учурда социалдык тармактарда суу сактагычта суунун көлөмү азайып, кир суу турганы жана миңдеген балыктар калкып чыгып калганы тууралуу видео тарап, кызуу талкууланып жатат.

XS
SM
MD
LG