Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

УКМК: Тамекини мыйзамсыз ташыган факт аныкталды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тамеки заттарын мыйзамсыз сактоо, сатуу жана ташуу иштерин жүзөгө ашырган фактылар аныкталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка караганда, ушул жылдын 1-сентябрында ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө А.И. аттуу жаран айдап бараткан «Mercedes Sprinter» маркасындагы автоунаа кармалган. Аны текшерүүдө 79 кутудан турган акциздик маркасы жок ар кандай аталыштагы тамеки блоктору табылды.

Товар Кыргызстандын жаранына таандык болгон. Ал 2017-жылы Бажы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш жана Салык кызматтарынын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, товарды Орусия жана Казакстанга мыйзамсыз жолдор менен ташып, сатып турган.

“Бишкек шаарында жайгашкан сактоочу кампасын тинтүү учурунда акциздик маркасы жок ар кандай аталыштагы 5000 куту тамеки табылды. Алдын ала маалымат боюнча кармалып, табылган товарлардын баасы болжол менен 70 млн сомдон (1 000 000 АКШ доллардан ашык) ашык сумманы түзүп, жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 24 млн сомдон ашык каражат түшпөй калган”, - деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

Факты Жазык кодексинин 215-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу, адалдоо”) негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда товардын А.Б. аттуу ээсинин жашаган жерин аныктоо, табылган тамекилердин жалпы баасы, бажы кызматтарына төлөнбөгөн чыгымдардын суммасын аныктоо иштери жүрүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG