Грузияда «Грузин кыялы» башкаруучу партиясы өкмөт башчылык кызматка ички иштер министри Георгий Гахариянын талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасы Бидзина Иванишвили 3-сентябрда Тблисидеги брифингде билдирди.
Тбилисиде жай айларында миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары өткөн. Анда демонстранттар полиция тынч жыйынга чогулгандарды күч колдонуп, кууп таратканы үчүн Георгий Гахарияны кызматтан кетирүүнү да талап кылышкан.
Буга чейинки премьер-министр Мамука Бахтадзе 2-сентябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырганы жатканын күтүүсүз кабарлаган. Ал премьер-министр болуп 2018-жылы июнь айында дайындалган жана ага чейин финансы министри болуп турган.
Грузиянын Баш мыйзамына ылайык, премьер-министр кызматтан кеткенде өкмөт толук курамы менен тарайт, жаңы өкмөт башчы жана өкмөттүн жаңы курамы бекигиче министрлер милдетин аткаруучу болуп турат.