Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Милиция: шектүү мэриянын батирлерин сатуудан 305 миң доллар алган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин мэриясына таандык батирлерди алдамчылык жолу менен сатып жибергени кабарланган муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын мурдагы кызматкери сегиз батир үчүн 305 миң доллар алганы аныкталды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ал «муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгы аукцион өткөрүп жатат» деген шылтоо менен батирлерди жеке тараптарга саткан. Шектүү жакын арада документтерди жасап берүүгө убада берип, из жашырып кеткен.

1-сенябрда Бишкек шаарынын төрт тургуну кылмышка шектүүгө карата чара көрүүнү өтүнүп арызданган. Анда жабырлануучулар батир сатып алыш үчүн алдын-ала 80 миң доллар төлөшкөнүн билдиришкен. Төрт батирди сатып алыш үчүн ар бир арыздануучу аванс катары 20 миң доллардан берген. Бул фактылар шаардык милицияда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Жазык кодексинин «Алдамчылык» фактысы менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Азыркы учурда шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Шаардык милиция шектүүнүн аты-жөнүн ачык айткан жок. Буга чейин Бишкек мэриясы өзүнө караштуу муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын кызматкери Эрик Ашыралиев документтерди жасалма түрдө оңдоп Москва көчөсүндө жайгашкан сегиз батирди сатып жибергенин билдирген. Сөз болуп жаткан батирлер Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге таандык болгон. Ал “шаарды башкарып турган кезде Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген” деп соттолгон.

11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG