Линктер

шейшемби, 17-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:56

Роухани АКШ менен эки тараптуу сүйлөшүүгө каршы


Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани Тегеран менен Вашингтондун бетме-бет сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды. Ошол эле кезде АКШ менен «алтылык» форматта жолугушууга даяр экенин айтты.

- Эгер АКШ Иранга салган бардык санкцияларынан баш тартса, буга чейинкидей 5+1 форматында сүйлөшүүгө катышса болот, - деди Роухани.

Өткөн айдын аягында АКШнын президенти Дональд Трамп Францияда «Чоң жетинин» саммитинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Тегерандын өзөктүк программасынын айланасындагы пикир келишпестик тууралуу Ирандын президенти менен жолугуп, сүйлөшүүгө даяр экенин айткан.

Иран менен Кошмо Штаттардын ортосундагы чыңалуу 2015-жылы, Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден Вашингтон чыккандан кийин курчуп кеткен. Вашингтон Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милденттенмелерин азайта баштаган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG