Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

«Талибан» Кабулда кол салуу уюштурганын мойнуна алды


Кабул, 2-сентябрь, 2019-жыл.
Кабул, 2-сентябрь, 2019-жыл.

Ооганстанда «Талибан» кыймылы Кабул шаарында дүйшөмбүдө кечинде жардыруу уюштурганын ырастады. Эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү жайгашкан «Жашыл зонанын» жанында болгон кол салуудан бери дегенде 16 киши мүрт кетти, 120 киши жарадар болду.

Бир катар маалымат агенттиктери АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад талибдер менен түзүлгөн тынчтык келишиминин мазмунун ооган президенти Ашраф Ганиге тааныштыруу максатында келгенде ушундай кандуу окуя болгонун жазып чыгышты.

Эки тараптуу макулдашуунун долбооруна ылайык, АКШ Ооганстандагы аскерлерин азайтат, тактап айтканда, 5 миңдей жоокер чыгарылат, талибдер болсо ооган аймагында террордук уюмдарга башпаанек бербөө тууралуу милдеттенме алышат.

Буга чейин Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуу боюнча Вашингтон менен «Талибан» кыймылынын бир канча айдан бери сүйлөшүүсү дээрлик аяктап калганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG