Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Өзбекстан Интернет гиганттарына салык салгысы келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан Салык кодексин өзгөртүп, өлкөдө интернет-кызмат көрсөткөн ири технологиялык компанияларга салык салганы жатат. Эгер документ кабыл алынса «Google», «Яндекс», «Alibaba» жана «Netflix» өңдүү компаниялар кошумча акча төлөй баштайт.

Мамлекеттик порталга жайгаштырылган мыйзам долбоорунда «интернет-компаниялар эмдиги жылдын башынан тартып салык органдарына катталышы керек жана ай сайын отчет тапшырып турушу зарыл» деп жазылган.

Орусия 2017-жылы чет өлкөлүк интернет-компанияларга салык салган. Ага ылайык «Google» жана «Apple» 18 пайыз кошумча нарк салыгын төлөйт.

Интернет-компанияларга салык салуу боюнча Казакстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда да демилге көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG