Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Синица күч кызматкерлеринин балдары жөнүндө жазганы үчүн беш жылга кесилди


Владислав Синица сот залында.
Владислав Синица сот залында.

Орусиянын Москва шаарындагы Пресненск райондук соту 3-сентябрда блогер Владислав Синицаны беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Ага ылайык, Синица «күч органдарынын кызматкерлеринин балдарына зомбулук көрсөтүүгө чакырган» деп табылды.

Соттун өкүмүндө «Владислав Синица анын «Твиттерде» жазгандарын көп адам окуй турганын жана өзүнүн аракеттери мыйзамсыз болгонун алдын-ала билген» деп жазылган.

Тергөө комитети 30 жаштагы Владислав Синицага өткөн айда кылмыш ишин козгоп, камакка алган. Мунун алдында ал «Твиттердеги» баракчасына Москва шаардык думасына шайлоого катталбай калган оппозициячыл талапкерлерди жана аларды жактап, нааразылык акциясына чыгып жаткандарды колдоп билдирүү жазган. Анда полиция кызматкерлеринин балдары тууралуу сөз болгон.

XS
SM
MD
LG