Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:07

«Коопсуз шаар- 2»: тендердин жыйынтыгы расмий чыга элек


Иллюстрациялык сүрөт.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча тендердин расмий жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Тимур Алхожоев кабарлады.

Анын айтымында, тендердик комиссия учурда документтерди изилдеп жатат.

- Мыйзам боюнча мөөнөт көрсөтүлгөн эмес. Муну комиссия өзү аныктайт, - деди Тимур Алхожоев.

23-августта «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча тендердин жыйынтыгы мамлекеттик сатып алуу сайтында жарыяланды. Ага ылайык, сынакта кытайлык «Shenzhen Sunwin» компаниясы 2,6 млрд. сом сунуш кылган. Ал эми «Вега» компаниясы долбоорду ишке ашырыш үчүн 4,8 млрд. сом, орусиялык БИС компаниясы 5 млрд. сом сунуш кылган.

Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, тендердик комиссиянын башчысы Кубаныч Шатемиров «Азаттыкка» ким жеңүүчү экени комиссиянын акыркы чечиминен кийин белгилүү болорун билдирди.

Кыргызстандагы «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча 5,7 млрд. сомго бааланган тендерге төрт компания катышып, анын үчөө жыйынтыктоочу турга өткөн.

Анын ичинен орусиялык БИС компаниясы ага атаандаш болгон башка бир орусиялык «Вега» компаниясы менен кытайлык «Shenzhen Sunwin» компаниясын сотко берген.

Утуп чыккан компания Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушунда видеокамерадан байкоочу жабдуу орнотуп, жол эрежесинин бузулушун каттайт. Беш жылдык долбоор 5 млрд. 791 миллион сомго бааланган.

Анда жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекси орнотулары көрсөтүлгөн. Долбоордун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG